Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын IV кезексиз сессиясы
2016-жылдын 22-ноябры № 29
Мырза-Аке Таза Суу “ИСКАКБ”нын башчысынын насосторду ремонттоо үчүн акча каражатын сураган арызы жөнүндө
Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл элинин таза сууга муктаждыгын чечүүнү көздөп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке Таза Суу “ИСКАКБ”га 100 миң сом (жүз миң сом) акча каражаты насосторду ремонттоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Портал аркылуу сатып алуу процесстерине, сатып алынган насостун запастык бөлүктөрүнө, ремонттоо иштеринин сапатына толук көзөмөл жүргүзүү, айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ремонттоо иштеринин толук сапатына жеке жоопкерчилик Мырза-Аке Таза Суу “ИСКАКБ” нын башчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |