Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын IV кезексиз сессиясы
2016-жылдын 22-ноябры № 30
Ибадат Сулаймановага “Айылдын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн жана Адыр айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын протоколунун чечиминин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесин, 37-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кан адистиги боюнча Республикада таанымал врачтардын бири Адыр айылынан чыккан гематолог Сулайманова Ибадатка “Айылдын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Ден-соолукту чыңдоо ишин, өмүр сакчылыгында турган иш үчүн өз өмүрүн арнаган өрнөгүн жаш муундарга таалим иретинде мисал кылып, тарбиялык маанисин дайын кылуу үчүн айылдын жаш жеткинчектерине мугалимдер тарабынан кенен тарбиялык сааттарында жеткирилишин камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |