Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын IV кезексиз сессиясы
2016-жылдын 22-ноябры № 32
Тендердик комиссия курамына айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларын киргизүү жөнүндө
Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүсүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, тендердик комиссиясынын ачык айкын иштөөсүн камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туруктуу комиссиялардын кароо милдетине кирген маселелер боюнча боло турган тендердик конкурстарга тиешелүү туруктуу комиссиянын төрагалары киргизилсин.
2. Тендердик комиссиялардын курамына тиешелүү туруктуу комиссиянын төрагаларын киргизүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |