Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын IV кезексиз сессиясы
2016-жылдын 22-ноябры № 33
Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу А. Мадоморов жана Н. Танаев көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу А. Мадоморов жана Н. Танаев көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнь №78 мыйзамы “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу А. Мадоморов жана Н. Танаев көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинен 5732713 сом акча каражаты каралып, аткарууга алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |