Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын IV кезексиз сессиясы
2016-жылдын 22-ноябры № 34
Адыр айылынын элинин таза суу боюнча маселелерин чечүү үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө
Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүсүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Адыр айылынын жашоочуларынын муктаждыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Адыр айылынын таза суу чыгаруучу насосунун күйүп кеткендигин, элдин эч бир жерден суу таппай каналдан суу ичип жугуштуу оорулар менен ооруп жаткандыгын эске алып, 100 000 сом ( жүз миң сом ) акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын ар кандай чыгашалардан таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |