Редакцияот 22.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын IV кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 22-ноябры № 35

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Мырза-Аке айылынын тургуну Жумагулова Гульмиранын жеке менчик жер участогуна түзүлгөн схемасын бекитип берүү жөнүндө

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Мырза-Аке айылынын тургуну Жумагулова Гульмиранын жеке менчик жер участогуна Өзгөн райондук шаар курулушу боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схемасын бекитип берүү боюнча арызын карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Жумагулова Гульмиранын жеке менчик жер участогуна Өзгөн райондук шаар курулушу боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схемасын бекитилсин.

2. Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан керектүү иш кагаздарын түзүп берүү жагы суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Т.Жусупов