КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын «Кыргызстан» айылдык округунун айыл кеңешинин XVIII сессиясы
2011-жылдын 24-майы № 115
Кыргызстан айыл округунун 2010-жылдагы бюджеттин аткарылышын бекитүү жөнүндө Кыргызстан айыл округунун айыл кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясында алдын ала талкууланган
Кыргызстан айыл округунун 2010-жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө ФЭБ башчысы К.Тыналиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айыл округунун 2010-жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө ФЭБ башчысы К.Тыналиеванын маалыматынын, Манас райондук казынасынын (РОК) маалыматында көрсөтүлгөн чыгымдар менен так келбегендиги жана айыл округундагы ар кандай чыгымдардын кайда жумшалгандыгы жөнүндө тастыктоочу документтердин жоктугуна байланыштуу 2010-жылдын бюджетинин аткарылышы кайра каралсын.
2. Келерки сессияга так маалыматтарды берүү жагы К.Тыналиевага милдеттендирилсин.
Кыргызстан айылдык кеӊешинин төрайымы |
Ч.Абдрахманова |