Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-майы № 116
Кыргызстан айылдык округу боюнча бруцеллез ооруусуна каршы эмдөө иштерин жүргүзүү жөнүндө
«2011-жылы Кыргыз Республикасынын бруцеллез ооруусуна каршы эмдөө жүргүзүү үчүн БДБ аркылуу проект каржыланып, малчыларга акысыз кызмат көрсөтүү жагы каралган. Бирок, Манас райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 11-майындагы №34 катынын негизинде Кыргызстан айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айыл округунун аймагында бруцеллез ооруусуна каршы эмдөө үчүн РВ-1 вакцинасын колдонууда ветеринардык кызмат көрсөтүү акысы ар баш малга 3 сомдон бөлүп бекитилсин.
2. Бруцеллезго каршы эмдөө иштерин жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө жагы Кыргызстан айыл округунун ветеринардык адиси С. Кожалиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу А.Батырбековага жүктөлсүн.
Кыргызстан айылдык кеӊешинин төрайымы |
Ч.Абдрахманова |