ТоктомКүчүндө

Учкоргон айылдык кенешинин 2011-жылдын 28-январындагы № 3 «Учкоргон айылдык округу боюнча карьер ачып берүү жөнүндө» токтому

Редакция28.01.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

УЧКОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Учкоргон айылдык Кеңешинин эл депутаттарынын ХХII сессиясынын ХIII чакырылышы

 

2011-жылдын 28-январы № 3

Учкоргон айылдык округу боюнча карьер ачып берүү жөнүндө

Учкоргон айыл кеңешинин Эл депутаттары Учкоргон айыл округундагы жайгашкан айылдар ичиндеги жолдорду ондоп, түздөө максатында Кызыл-Адыр тоо боорунан кум шагал ташуу үчүн карьер ачып берүү учурдун талабы экендигин эске алып айылдык Кеңешинин Эл депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Учкоргон айыл округунун аймагында жайгашкан айыл ичиндеги жолдорду ондоо максатында Кызыл-Адыр тоо боорунан № 48 ЖЭИна карьер ачып берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Учкоргон айыл округунун башчысы Н.Ш.Качкынбаевке милдеттендирилсин.

 

Учкоргон айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Орозалиев С.Ж