Загрузка документа…
УЧКОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-январы №4
Учкоргон айылдык округунун аймагында жайгашкан Кызыл-Жылдыз айылынын Мира көчөсүндөгү барак тибиндеги үйлөрдү сатыкка коюу жана менчиктештирүү жөнүндө
Учкоргон айылдык Кеңешинин эл депутаттары Кызыл-жылдыз айылындагы Мира көчөсүнөн орун алган барак тибиндеги квартираларды көз каранды эмес баалоочунун баасын жана ошол уйлордо жашап жаткан уй бүлөлөр ушул аймактагы муктаж үй бүлөлөр экендигин эске алып Айылдык Кеңештин Эл депутаттары
Токтом кылат:
1 Кызыл-жылдыз айылынын Мира көчөсүндө жайгашкан барак тибинде квартиралар көз каранды эмес баалоочунун баасынын негизинде ошол үйлөрдө жашап жаткан жашоочуларга сатыкка коюлсун.
2. Манас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан ушул токтомго тиешелүү документтерди берүү жагы суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы а/округ башчысынын орун басары А.Райымбековко милдеттендирилсин.
Учкоргон айылдык кенешинин торагасы |
Орозалиев С.Ж. |