Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-январы № 5
Кызыл-жылдыз айылында жайгашкан 2029 Аскер бөлүгүнүн “Чонкапка” чек ара түзөтүнө
Учкоргон айыл округуна караштуу Мира көчөсүндөгү №4 3 кабат үйдү өткөрүп берүү боюнча
Кызыл-жылдыз айылында жайгашкан Мира көчөсүнүн №4 3-кабаттуу үйдү 2029 Аскер бөлүгүнүн “Чонкапка” чек ара түзөтүнө берүү жөнүндө талкуулап, Учкоргон айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учкоргон айыл округунун Кызыл-жылдыз айылында жайгашкан Мира көчөсүнүн №4 3 кабаттуу үйдү 2029 Аскер бөлүгүнүн“ Чонкапка” чек ара түзөтүнө берилсин.
2. 2029 Аскер бөлүгүнүн“ Чонкапка” чек ара түзөтү көчүп кеткен учурда үй сакталуу бойдон жана жасалган оңдоо иштери менен Учкоргон айыл округунун балансына кайра кайтарылып берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Учкоргон айыл округунун башчысынын орун басары А.Райымбековко милдеттендирилсин.
Учкоргон айылдык Кеңешинин төрагасы |
Орозалиев С.Ж. |