Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-апрели №8
Учкоргон айылдык округунун чыгаша бөлүгүн кароо
Учкоргон айылдык Кеңешинин Эл депутаттары Учкоргон Айылдык округунун чыгашасын көзөмөлдөө максатында карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учкоргон айылдык округунун 50000 (Элүү миң) сомдон ашкан сумма чыгышталса, айылдык Кеңештин төрагасынын, бюджеттик комиссиянын макулдугу менен, ал эми 100000 (Жүз миң) сомдон ашык чыгышталса сессияда каралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Учкоргон айылдык округунун Эсеп-кысап бөлүмүнүн башчысы М.Акматовго милдеттендирилсин.
Учкоргон айылдык Кеңешинин төрагасы |
Орозалиев С.Ж. |