Редакцияот 02.08.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Учкоргон айылдык округунун айылдык Кенешинин эл депутаттарынын кезексиз чакырылган сессиясынын

 

2011-жылдын 2-августу №17

Учкоргон айыл округунда жайгашкан Кеңеш, Учкоргон, Кызылжылдыз айылдарындагы дыйкандарынын дыйкан чарба жана ижара жерлери суу чыккан жөнүндөгү арыздарын кароо жөнүндө

Учкоргон айылдык Кеңешинин Эл депутаттары дыйкандардын жазуу жүзүндө кайрылган арызынын негизинде карап, талдап, талкуулап Учкоргон айылдык кеңешинин Эл депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2011-жылдагы суу чыгып кеткен жерлер такталып, арыз менен кайрылган дыйкандардын 2011-жылдагы салык, ижара жана соц.фонд төлөмүнөн толук бошотулсун. (акт тиркелет.)

2. Иш алып баруу жагы Учкоргон айыл округунун жер боюнча жетектөөчү адиси Ж. Болотовко, ФЭБ башчысы М. Акматовко жана айыл башчылар О. Иманкуловко, Н. Артыкбаевке дайындалсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Учкоргон айыл округунун башчысы Н. Качкынбаевке милдеттендирилсин.

 

Учкоргон айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

Орозалиев С