Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-июлу №105
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү
2011-жылдын 30-октябрында өтө турган президенттик шайлоого аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлигин көрсөткөн айыл тургундардын арыздарын карап чыгып, Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырма экинчи кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Аймактык шайлоо комиссияларынын курамы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин (курамы тиркелет).
2.Аймактык шайлоо комиссияларынын курамы Талас райондук кеңешке жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу К. Айталиевге жүктөлсүн.
Өмүралиев айыл кеңешинин төрагасы |
Ж.Сагыналиев |
Өмүралиев айыл кеңешинин катчысы |
З.Исманова |