ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырма экинчи кеңешмесинин
2011-жылдын 25-июлу №106
Аксакалдар кеңешинин, аксакалдар сотунун, жаштар уюмунун, аялдар комитетинин, байкоочу кеңештин курамдарын жана 2011-жылга карата түзүлгөн иш пландарын бекитүү жөнүндө
Аксакалдар кеңешинин, аксакалдар сотунун, жаштар уюмунун, аялдар комитетинин курамдарын жана 2011-жылга карата түзүлгөн иш пландарын карап чыгып, Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырма экинчи кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Аксакалдар кеңешинин, аялдар комитетинин курамы жана 2011 - жылга түзүлгөн иш пландары бекитилсин.
2.Аксакалдар сотунун, жаштар уюмунун жана байкоочу кеңештин курамдары кайрадан түзүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу К. Айталиевге жүктөлсүн.
Өмүралиев айыл кеңешинин төрагасы |
Ж.Сагыналиев |
Өмүралиев айыл кеңешинин катчысы |
З.Исманова |