Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-июлу №112
Талас областтык мамлекеттик администрациясынын 2009-жылдын 19-ноябрындагы «Талас облустук социалдык коргоого муктаж үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн «Манас интернат лицейи» жөнүндөгү № 237 Б буйругунун негизинде Ш.Жумагулов атындагы opто мектебинин имаратын муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүү жана 18069,51м жер участогун мөөнөтсүз берүү жөнүндө
Талас областтык мамлекеттик администрациясынын 2009-жылдын 19-ноябрындагы «Талас облустук социалдык муктаж үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн «Манас интернат лицейи» жөнүндөгү № 237 Б буйругунун жана Өмүралиев айыл округунун Ш.Жумагулов атындагы орто мектебинин имаратын муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүү жана 18069,51м жер участогун мөөнөтсүз берүү жөнүндөгү 2009-жылдын 1-декабрындагы №255 катынын негизинде депутаттардын Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын он экинчи кезексиз кеңешмеси
ЧЕЧИМ КЫЛАТ
1.Шабданбек Жумагулов атындагы орто мектебинин имараты муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүлүп жана 18069,51 м2 жер участогу мөөнөтсүз берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүп берүү жагы Өмүралиев айыл округунун башчысы К. Айталиевге жүктөлсүн.
Өмүралиев айыл кеңешинин төрагасы |
Ж.Сагыналиев |
Өмүралиев айыл кеңешинин катчысы |
З.Исманова |