Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-июлу №115
Өмүралиев айыл округунун Аксай айылынын тургуну Айталиев Козубактын жазган арызыны жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Өмүралиев айыл округунун Аксай айылынын тургуну Айталиев Козубактын жазган арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-июнь 2008-жылдагы № 306 токтому менен бекитилген «Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырма экинчи кеңешмеси
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1.Өмүралиев айыл округунун Аксай айылындагы № контурунун "Чон Таш" участкасынан жалпы аянты 5га жер участогу , асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин жашылдандырып, тал-терек тигип , өздөштүрүп , айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн Козубак Айталиевке берилсин .
2.Тиешелүү документтерди берүү жагы Өмүралиев айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.Айталиевке милдеттендирилсин.
Өмүралиев айыл кеңешинин төрагасы |
Ж.Сагыналиев |
Өмүралиев айыл кеңешинин катчысы |
З.Исманова |