Редакцияот 25.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырма экинчи кеңешмесинин

 

2011-жылдын 25-июлу №116

Өмүралиев айыл округунун Аксай айылынын тургуну Айталиев Козубактын жазган арызы жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Өмүралиев айыл округунун Аксай айылынын тургуну Айталиев Козубактын жазган арызынын негизинде Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырма экинчи кеңешмеси

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1.Өмүралиев айыл округунун Аксай айылындагы № контурунун "Чон Таш" участкасынан жалпы аянты 0.50га жер участогуна асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин жашылдандырып, балык өстүрүү үчүн Козубак Айталиевке берилсин.

2.Тиешелүү документтерди берүүжагы Өмүралиев айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.Айталиевке милдеттендирилсин.

 

Өмүралиев айыл

кеңешинин төрагасы

 

Ж.Сагыналиев

 

Өмүралиев айыл

кеңешинин катчысы

 

 

З.Исманова