Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-июлу №117
Өмүралиев айыл округунун Аксай айылынын тургуну Сагыналиев Жаныбектин жазган арызыны жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Өмүралиев айыл округунун Аксай айылынын тургуну Сагыналиев Жаныбектин жазган арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-июнь 2008 - жылдагы №306 токтому менен бекитилген «Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырма экинчи кеңешмеси
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1.Өмүралиев айыл округунун Аксай айылындагы № контурунун "Чон Таш" участкасынан жалпы аянты 3га жер участогу , асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин жашылдандырып, тал-терек тигип , өздөштүрүп , айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн Сагыналиев Жаныбекке берилсин.
2.Тиешелүү документтерди берүү жагы Өмүралиев айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.Айталиевке милдеттендирилсин.
Өмүралиев айыл кеңешинин төрагасы |
Ж.Сагыналиев |
Өмүралиев айыл кеңешинин катчысы |
З.Исманова |