Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-июлу №119
Өмүралиев айыл округунун жайыт комитетинин төрагасы Кокобаев Торобайдын арызы жөнүндө
Өмүралиев айыл округуна караштуу жайыт комитетинин 2011-жылга карата жайыттарды пайдаланууга Талас райондук салык инспексиясына туура эмес маалымат берилгендигине байланыштуу жайыт комитетинин төрагасы Кокобаев Торобайдын арызы карап чыгып Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырма экинчи кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өмүралиев айыл округуна караштуу жайыт комитетинин 2011-жылга карата жайыт пайдаланууга болгон акынын көлөмү 5 миң га жерден 24 миң сом райондук салык инспексиясына жайыт эсебинен төгүлүп берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл округунун жайыт комитетинин төрагасы Кокобаев Торобайга милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.Айталиевге жүктөлсүн.
Өмүралиев айыл кеңешинин төрагасы |
Ж.Сагыналиев |
Өмүралиев айыл кеңешинин катчысы |
З.Исманова |