Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-декабры №123
Өмүралиев айыл округунун аймагындагы мекеме уюмдарынын жетекчилеринин , айыл өкмөтүнүн жана айыл өкмөтүнүн кызмат керлеринин 2011-жылдагы аткарган иштери боюнча отчеттору жөнүндө
Күн тартибиндеги айыл округунун аймагындагы АВП диретору М.Жумалиевдин, жайыт комитетинин төрагасы Г.Кокобаевдин, кедейчиликти кыскартуу боюнча координатору Н.Омушев, мектеп башчылары Б.Исмаилованын, Т.Иманалиевдин жана Чатбазар айылынын бала бакчасынын директору Г. Жороева, айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жылдык отчетторун угуп жана талкуулап Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырма төртүнчү кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өмүралиев айыл округунун аймагындагы АВП нын директору М. Жумалиевдин, жайыт комитетинин төрагасы Т. Кокобаевдин, кедейчиликти кыскартуу боюнча координатору Н.Омушевдин жылдык отчеттору канаттандырарлык деп табылсын.
2.Өмүралиев айыл округунун аймагындагы мектеп башчылары Б.Исмаилованын, Т.Иманалиевдин жана Чатбазар айылынын бала бакчасынын директору Б.Исмаилованын жылдык aткарылган иштери боюнча отчетторун угуп чыгып канаттандырарлык деп табылсын.
3.Өмүралиев айыл округунун башчысы: К.Айталиевдин 2011-жылга аткарылып турган стратегиялык - экономикалык өнүгүүнүн аткарылышы, 2011-жылдыгы жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жылдык отчетторун угуп чыгып отчеттору канаттандырарлык деп табылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасы Ж. Сагыналиевге жүктөлсүн.
Өмүралиев айылдык кеңешинин төрагасы |
Ж. Сагыналиев |
Өмүралиев айылдык кеңешинин катчысы |
3. Исманова |