Загрузка документа…
ӨМУРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-майы №100
Аксай айылындагы кум , топурак жана таштанды төгүү карьерлери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Өмуралиев айыл округунун Аксай айылындагы №474 контурундагы Чырканак сайынын ичиндеги 0.50 га кум жайгашкан жер жана № 659 котурундагы асфальт заводунун түштүк тарабында топурак жайгашкан 0.20 га жер жана мандай участкасынын №339 контурундагы 0.5га жерлерди карап, талкуулап Өмуралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырма биринчи кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өмуралиев айыл округунун Аксай айылындагы №474 контурундагы Чырканак сайынын ичиндеги 0.50 га кум жайгашкан жер жана № 659 контурундагы Аксай айылындагы асфальт заводунун түштүк тарабында топурак жайгашкан 0.20 га Өмуралиев айыл округунун тургундарына курулуш иштерин жүргүзүү жана таштанды төгүү үчүн маңдай участкасынын №339 контурундагы 0.5 га жер айыл өкмөтүнө берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарды берүү жагы айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.Айталиевке жүктөлсүн.
Өмүралиев айылдык кеңешинин төрагасы |
Ж. Сагыналиев |
Өмүралиев айылдык кеңешинин катчысы |
3. Исманова |