Өмүралиев айылдык кеңешинин 2011-жылынын 19 - майындагы №102 «Өмүралиев айылдык кеңешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө» токтому
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырма биринчи кеңешмесинин
2011-жылдын 19-майы №102
Өмүралиев айылдык кеңешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө
Өмүралиев айылдык кеңешинин 2011-жылга түзүлгөн иш регламентин карап чыгып, Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырма биринчи кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өмүралиев айылдык кеңешинин иш регламента бекитилсин(тиркеме тиркелет).
2.Иш регламенттин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айылдык кеңештин катчысы З.Ж.Исмановага жүктөлсүн.
Өмүралиев айылдык кеңешинин төрагасы |
Ж. Сагыналиев |
Өмүралиев айылдык кеңешинин катчысы |
3. Исманова |