Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-марты №84
Аксай айылына мектеп куруу жөнүндө
Өмүралиев айыл округундагы Аксай айылынын Борош Жанузаков атындагы орто мектептин батыш жагындагы жер участогунун ордуна мектеп салууну талкуулап, Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырманчы кезексиз кеңешмеси
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1.Аксай айылынын Борош Жанузаков атындагы орто мектебинин батыш жагындагы жер участоктордун ордунан мектеп салынуу үчүн 2 га жер бөлүнүп берилсин.
2.Мектеп салуу үчүн алынган жер участоктордун ээлерине Борош Жанузаков атындагы орто мектепке тийиштүү «Ак кайын» магазининин түштүк батыш жагындагы 2 га жерден 10 сотыхдан жер бөлүнүп берилсин.
3.Айыл тургундарна кайрадан жер участогун бөлүштүрүп берүү жагы айыл округунун жер адиси А.Курманбаевке милдеттендирилсин.
4. Тиешелүү иш кагаздарын берүү жагы айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу К. Айталиевке жүктөлсүн.
Өмүралиев айылдык кеңештин төрагасы |
Ж.Сагыналиев |
Өмүралиев айылдык кеңештин катчысы |
З.Исманова |