Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-марты №85
Аксай айылынын тургуну Кокобаев Төрөбайдын арызы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Өмүралиев айыл округунун Аксай айылынын тургуну Кокобаев Төрөбайдын арызын карап, талкуулап Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырманчы кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл округунун Аксай айылынын тургуну Кудайбергенов Нурбек өзүнүн огородунан 1.4 сотых жерин Кокобаев Төрөбайга саткандыгына байланыштуу сатык жери бөлүнүп берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарды берүү жагы айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.Айталиевге жүктөлсүн.
Өмүралиев айылдык кеңештин төрагасы |
Ж.Сагыналиев |
Өмүралиев айылдык кеңештин катчысы |
З.Исманова |