ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өмүралиев айыл кеңешинин V чакырылышынын жыйырманчы кеңешмесинин
2011-жылдын 28-марты №86
Ак-Сай айылнын тургуну Ботиков Жайлобектин арызын кароо жөнүндө
Өмүралиев айыл округунун тургуну Ботиков Жайлобектин арызын карап талкуулап Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырманчы кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Сай айылынын тургуну Ботиков Жайлобекке арызын карап чыгып турак жай салуу үчүн жер үлүшүн сурап жазган арызын канаттандырылып Аккоргондогу агасы Ботиков Таалайдын огородунун жанына 0,10 га жер бөлүнүп берилсин.
2.Ботиков Жайлобекке там салуу үчүн тиешелүү иш кагаздарын берүү жагы Талас райондук архитектура жана курулуш башкармачылыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айыл округунун жер адиси А.Курманбаевге милдетендирилсин.
Өмүралиев айылдык кеңештин төрагасы |
Ж.Сагыналиев |
Өмүралиев айылдык кеңештин катчысы |
З.Исманова |