Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-марты №93
Чат Базар айылынын 15 айыл тургундарынын арызы жөнүндө
Өмүралиев айыл округунун Чат Базар айылынын тургундары айылдык кеңештин депутаттарына, айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылышкан, арызда 4-5 орун айыл округунун кызматкерлери Чат Базар айылынын тургундарынан түзүлсүн, ошондой эле бир жумада бир жолу Чат Базар айылына келип аныктамаларды берип иштешсин деген арызын карап чыгып Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырманчы кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛAT:
1.Айыл округунун Чат Базар айылынын 15 тургундарынын арызын карап чыгып айыл тургундарынын кесептин денгээли,билими туура келген Чат Базар айыл тургундары конкурстун негизинде айыл өкмөтүнүн кызмат орундарына бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Айталиевге милдеттендирилсин.
Өмүралиев айылдык кеңештин төрагасы |
Ж.Сагыналиев |
Өмүралиев айылдык кеңештин катчысы |
З.Исманова |