ТоктомКүчүндө

Өмүралиев айылдык кеңешинин 2011-жылынын 28-мартындагы № 94 «Ак Сай айылынын тургуну Кыдыралиев Үсөнкандын арызы жөнүндө» токтому

Редакция28.03.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өмүралиев айыл кеңешинин V чакырылышынын жыйырманчы кеңешмесинин

 

2011-жылдын 28-марты №94

Ак Сай айылынын тургуну Кыдыралиев Үсөнкандын арызы жөнүндө

Өмүралиев айыл округунун Ак Сай айылынын тургуну Кыдыралиев Үсөнкан үлүш жеринин документтерин бүтүрө электигине байланыштуу Өмүралиев айылдык кеңешинин V чакырылышынын жыйырманчы кеңешмеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ак Сай айылынын тургуну Кыдыралиев Үсөнкандын үлүш жерине карата айыл өкмөтүнөн керектелүүчү документтери чечилип берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.Айталиевге жүктөлсүн.

 

Өмүралиев айылдык

кеңештин төрагасы

 

Ж.Сагыналиев

 

Өмүралиев айылдык

кеңештин катчысы

 

 

З.Исманова