ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Осмонкулов айылдык округдук Кеңешинин V-чакырылышынын 2011-жылдагы №3 сессиясынын
2011-жылынын 14-апрели №5
Осмонкулов айылдык округуна караштуу УДТ №9 бейтапканасына Р.Биялиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
УДТ №9 бейтапканасынын эмгек жааматынын аталган мекемеге маркум медицина врачы Биялиев Руслан Балкыбековичтин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү кайрылуусун карал чыгып Осмонкулов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылыбыздын тургуну көп жылдар бою медициналык кызматта иштеген врач Биялиев Руслан Балкыбековичтин ысымын УДТ №9 бейтапканасына ыйгаруу өтүнүчүнө макулдук берилсин.
2.УДТ №9 бейтапканасына Р.Б. Биялиевдин ысымын бекитип берүү жагы Талас райондук Кеңешинен суралсын.
3.Чечимдин аткарылышына көзөмөлдүк кылып аткаруу жагы УДТ №9 бейтапканасынын жетекчиси М.Р.Жапаровго жүктөлсүн.
Осмонкулов айылдык округдук кенешинин төрагасы |
Б.Кочоркулов |