Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-ноябры №5
Осмонкулов айылдык округунун алдында жаштар жамаатын түзүү жөнүндө
Осмонкулов айылдык округунун жооптуу катчысы А.Э.Давлетовдун айыл округдук Кеңешине «Жамаатар жана алардын бирикмелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Осмонкулов айылдык округуна караштуу «Шумкар» жаштар жамаатынын жалпы жыйыны жөнүндө жазган билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Осмонкулов айылдык кеңеши
ТОКТОМ KЫЛАT:
1.Осмонкулов айылдык округунда «Шумкар» жаштар жамаатын түзүүгө макулдук берилсин.
2.«Шумкар» жаштар жамааты мыйзам негизинде тийешелүү мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3.Чечимдин аткарылышын уюштуруп, аткаруу жагы «Шумкар» жаштар жамаатынын төрайымы А.Атыкановага жүктөлсүн.
Осмонкулов айылдык округдук кенешинин төрагасы |
Б.Көчөркулов |