Редакцияот 20.10.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Осмонкулов айылдык округдук Кеңешинин V-чакырылышынын № 8 кезексиз сессиясынын

 

2011-жылдын 20-октябры №9

Осмонкулов айылдык округуна караштуу “Тан нуру” балдардын күндүзгү борборуна  маркум айылдын атуулу Молдокулов Максүттүн ысымын ыйгаруу жөнүндө

Осмонкулов айылдык округуна караштуу “Тан нуру” балдардын күндүзгү борборуна айылдын жараны көп жылдар бою чарбада эсеп-кысап бөлүмүндө иштеген маркум Молдокулов Максүттүн ысымын ыйгаруу боюнча Осмонкулов айылдык округдук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Тан нуру” балдардын күндүзгү борборуна маркум Молдокулов Максүттүн ысымы ыйгарылсын.

2.Тиешелүү иш-кагаздарын тактоо “Тан нуру” б/б жетекчиси Н.Жусупжановага жүктөлсүн.

3.Чечимдин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Осмонкулов айылдык округунун жооптуу катчысы А.Э. Давлетовго жүктөлсүн.

 

Осмонкулов айылдык округдук

кеңештин төрагасы

 

Б.Кочоркулов