Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-майы №169/25-5
Талас облустук музыкалык-драма театрына СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, “Манас” орденинин ээси Капар Медетбековдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти “М.Рыскулов атындагы” мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Манас” орденинин ээси, заманыбыздын театр чебери, Капар Медетбековдун ысымын Талас облустук музыкалык-драма театрына ыйгаруу боюнча Талас облустук музыкалык-драма театрынын жамаатынын жана Кыргыз Республикасынын театр ишмерлер союузунун жыйынынын чечимин жана Сунуштамасын депутаттардын Талас шаардык кеңеши сессияда карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын театр тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын, улуттук жана дүйнөлүк классикалык образдарды жаратуудагы даңазалуу эмгегин эске алып. Кыргызстандын театр маданиятынын ишмери, кыргыздын тубаса таланты Капар Медетбековдун ысымын Талас облустук музыкалык-драма театрына ыйгаруу жөнүндө Талас облустук музыкалык-драма театрынын жана Кыргыз Республикасынын театр ишмерлер союузунун жамааттарынын чечимдери колдоого алынсын.
2. Кабыл алынган токтом Талас облустук мамлекеттик администрациясына жана Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлигине жөнөтүлүп, сессиянын чечимин колдоосу суралсын.
3. Кабыл алынган токтом Талас шаарынын “Жаңы Багыт” газетасына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) жүктөлсүн.
Талас шаардык кеӊешинин төрагасы |
А.Джусупбеков |