Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 1999-жылдын 22-сентябры № 101
2000-жылга Кыргыз Республикасындагы юридикалык жана жеке жактар тарабынан ташып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын негизги өлчөмдөрү жөнүндө
1-статья.
2000-жылга Кыргыз Республикасындагы юридикалык жана жеке жактар тарабынан ташылып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын негизги өлчөмдөрү бекитилсин:
Акциздик товарлар | Акциздик салыктын өлчөмдөрү көлөмгө карата сом (кг,л,даана,т) жана дүң баага, бажы наркына карата |
Тамак-аш чийки заттарынан өндүрүлгөн ичүүчү этил спирти жана тазаланган этил спирти (өздөрүндө өндүрүүгө лицензия болгондо товар өндүрүүчү тарабынан аракты, ликер-арак ичимдиктерин, спирт кошулган суусундуктарды, спирт кошулган ширелерди, бальзамды, шараптарды иштеп чыгуу үчүн жана ченемдердин чегинде атайын керектөөчүлөргө берилүүчүдөн башка) | 1 литри/70 сом |
Арак | 1 литри/40 сом |
Ликер-арак ичимдиктери * | 1 литри/40 сом |
Спирт кошулган суусундуктар, спирт кошулган ширелер жана бальзамдар * | 1 литри/40 сом |
Шараптар ** | 1 литри/10 сом |
Коньяктар | 1 литри/25 сом |
Шампан шараптары | 1 литри/20 сом |
Идишке куюлган пиво | 1 литри/ 3 сом |
Идишке куюлбаган пиво | 1 литри/ 2 сом |
Шарап материалдары | 1 литри/ 2 сом |
Тамекилер: - чыпкалуу сигареттер - чыпкасыз сигареттер | 100 даанасы/70 сом 100 даанасы/15 сом |
Тамекини, анын ичинде ферменттелген тамекини камтыган башка нерселер | 1 кг/4 сом |
Алтындан, платинадан же күмүштөн жасалган зер буюмдары | 15% |
Иштетилген жана иштетилбеген жүндүү терилер (крот, коен, элик, ит, кой жана уй терисинен башка) | 5% |
Пальтолорду, чолок пальтолорду, жакеттерди, накидкаларды, палан- тиндерди, боаларды, моюн орогуч- тарды, баш кийимдерди жана жака- ларды, тондорду, пластиналарды кошо алганда накта жүндүү тери- ден тигилген кийимдер (крот, коен, элик, ит, кой жана уй терисинен башка) | 5% |
Жүндүү терилер (крот, коен, элик, ит, кой жана уй терисинен башка) менен жасалгаланып тигилген паль- толор, чолок пальтолор, жакеттер, накидкалар | 5% |
Накта булгаарыдан тигилген кийимдер | 5% |
Хрусталдан жасалган буюмдар, хрусталдан жасалган жарык берүү приборлору | 20% |
Атылчу жана газ куралдары (мамлекеттик бийлик органдарынын муктаждыгы үчүн сатып алынгандардан башка) | 20% |
Мунайзаттары : - бензин, жеңил жана орто дистилляттар жана башка бензиндер | 1 т/3000 сом |
- реактив майы | 1 т/ 0 сом |
- дизель майы | 1 т/ 800 сом |
- мазут | 1 т/ 600 сом |
- майлар жана газ конденсаты | 1 т/1400 сом |
- чийки мунай жана битум материалдарынан алынган чийки мунай заттары | 1 т/ 600 сом |
Килемдер жана килем буюмдары (ковролинден башка) | 10% |
Кофе жана какао | 10% |
Эскертүү:
* - Акциз салыгынын ставкаларын кайра эсептөө этил спиртинин камтылышын эске алуу менен жүргүзүлөт. Негизги өлчөм - спирттин 40 көлөмдүк пайызы кошулган ичимдик.
** - Шараптарга акциз салыгынын өлчөмдөрүн кайра эсептөө алардын түрлөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.
2-статья.
Акциз салыгын төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3-статья.
Акциз салыгынын өлчөмдөрүн кайра эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте инфляциянын расмий жарыяланган деңгээлин эске алуу менен квартал сайын жүргүзүлөт.
4-статья.
Ушул Мыйзам 2000-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
1999-жылдын 30-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан каралган эмес |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-статьясынын 4-пунктуна ылайык кабыл алынган |