Загрузка документа…
УЗГЕН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-сентябры №132
Өзгөн районунун аймагындагы ири өнөр жай ишканалары боюнча «Дан-Азык», «Зан- Жабил», «Өзгөн Булагы» жана «Бай Сүт» заводдорунун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Өзгөн райондук Кеңешинин кезектеги сессиясы аталган маселе боюнча «Өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт, энергетика, байланыш жана соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттары Н. Маматовдун жана Р. Исраилованын маалыматтарын угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондун калкына кызмат кылып жаткан «Дан- Азык» ААКнун, жоопкерчилиги чектелген «Зан- Жабил», «Өзгөн Булагы» жабык акционердик коомунун жана «Бай- Сүт» жоопкерчилиги чектелген коомунун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү маалымат көёүлгө алынсын жана аталган багытта кемчиликтердин орун алгандыгы белгиленсин.
2. «Дан- Азык» А. АКына жана «Зан- Жабил» жоопкерчилиги чектелген ишканаларга:
- Дыйкандар менен жыйым -терим убагында тыгыз байланышта бөлүп жыйналган продукцияны өз убагында өздөрүнө тартуу, өндүрүштүн кубаттуулугун жогорулатуу багытында чараларды көрүү,( себеби ишканалар бүгүнкү күндө - 45-48% гана кубаттуулукта иштеп жатышкандыгы эске алынды), райондогу агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен бирдикте дыйкандарды сапаттуу урук менен камсыздоо сунуш кылынсын.
3. «Өзгөн булагы» жабык акционердик ишканасына кошумча жаёы түрдөгү продукцияны чыгаруу, Өзгөн шаарына кошумча фирмалык дүкөндөрдү ачуу, даяр продукцияны убагында сатуу иштерин уюштуруу сунуш кылынсын.
4. «Бай- Сүт» жоопкерчилиги чектелген коомуна (мурдагы завод СОМ) Жаны жумушчу орундарды түзүү максатында, аны талаптагыдай иштетүү боюнча иш алып баруу жана бул багытта аткарылган иштер боюнча райондук Кенештин кезектеги сессиясына маалымат берүү райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары А. Тажибаевге тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт, энергетика, байланыш жана соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Өзгөн райондук кеңешинин төрагасы |
Б. Султанов |