Загрузка документа…
УЗГЕН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-сентябры № 133
Өзгөн районунун бюджетинин 2011-жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө
Өзгөн райондук Кеңешинин кезектеги XVIII сессиясы райондук Кеңештин бюджет, финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын аталган маселе боюнча сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук каржы бөлүмүнүн (Мейматкулов Р) 2011- бюджеттик жылдын I чи жарым жылдыгы боюнча райондук бюджеттин киреше жана чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндө билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Быйылкы жылда республикада түзүлгөн финансылык оор абалга карабастан райондук каржы бөлүмүнө 2011-жылдын жыйынтыгы менен райондук бюджеттин аткарылышын 2010-жылдагы бюджеттик жылдын аткарылыш деңгээлинен кем эмес камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Райондук бюджеттен каржылануучу мекеме уюмдарга сметасына ылайык акча каражаттын өз убагында бөлүп берүү жана ал акча каражаттарын максаттуу пайдаланышын көзөмөлдөө жагы райондук каржы бөлүмүнөн талап кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин финансы, бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн райондук кеңешинин төрагасы |
Султанов Б.К. |