Редакцияот 13.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗГЕН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн райондук Кеңешинин кезектеги XVIII сессиясынын

2011-жылдын 13 сентябры № 134

Райондун аймагындагы Жалпак Таш айыл округуна караштуу Кара Тарык толук эмес орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндө

 

Өзгөн райондук Кеңешинин кезектеги XVIII сессиясы аталган маселе жөнүндө мыйзамдуулук, дин иштери боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун угуп жана талкуулап 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак Таш айылдык Округунун аймагында жайгашкан Кара Тарык толук эмес орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндөгү Жалпак Таш айылдык Кеңешинин XVII сессиясынын № 19 чечими бекитилсин.

2. Кара Тарык толук эмес орто мектебинин аты Таабалды Жоробеков атындагы орто мектеп бөлүп аталсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, дин иштери боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

Өзгөн райондук

кеңешинин төрагасы

 

Б. Султанов