Загрузка документа…
УЗГЕН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-сентябрь № 135
Райондун аймагындагы Жалпак Таш айыл Округуна караштуу Кара Тарык айылына айыл статусун берүү жөнүндө
Өзгөн райондук Кеңешинин кезектеги XVIII сессиясы Жалпак Таш айылдык Кенешинин 2011-жылдын 9-июндагы XX сессиясынын № 13 чечиминин негизинде, ушул маселе боюнча Жалпак Таш айыл Округунун башчысы С. Паизовдун маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондун аймагындагы Жалпак Таш айыл Округуна караштуу Кара Тарык айылына айыл статусу берилсин.
2. Ушул маселеге тиешелүү документтерди топтоп, Жогорку Кенештин кароосуна жөнөтүү жагы райондук Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин «мыйзамдуулук жана дин иштери» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Өзгөн райондук кеңешинин төрагасы |
Б. Султанов |