Редакцияот 13.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗГЕН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн райондук Кеңешинин кезектеги XVIII сессиясынын

 

2011-жылдын 13-сентябры № 136

Миграция жана жумуштуулук боюнча Өзгөн регион аралык комитетинин райондун аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдарды жумушка жайгаштыруу квотаны бекитүү жөнүндө

Өзгөн райондук Кенешинин кезектеги XVIII сессиясы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-августундагы №591 «2010-жылга чейин калкты иш менен камсыз кылуу Улуттук саясаты Программасы» жөнүндөгү токтомунун II разделинин 1-пунктунун 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин «Майыптар үчүн жумуш орундарын квоталоо» жөнүндөгү 545-статьясынын 3-бөлүгүнө таянып, 2012-жыл ичинде райондогу мекеме-уюмдарда райондун аймагында жашаган, ден соолугуна байланыштуу мүмкүчүлүгү чектелген III топтогу майыптарды жумушка жайгаштыруу боюнча «квота» төмөндөгүдөй бөлүнсүн:

Ийри Суу айылдык округуна – 1

Мырзаке айылдык округуна – 1

Кызыл-Октябрь айылдык округуна – 1

Жылалды айылдык округуна – 1

Зергер айылдык округуна – 1

Куршаб айылдык округуна – 2

Кароол айылдык округуна – 1

Шаар башкармалыгына  – 5

Кызыл-Тоо айылдык округуна – 1

Баш Дөбө айылдык округуна - 1

Жыйынтыгы 15 квота

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Өзгөн райондук

кеңешинин төрагасы

 

Б. Султанов