Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-сентябры №16/1
Будалык айылдык кенешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” №101 мыйзамына ылайык жана Депутаттардын Алай райондук Кенешинин 2011-жылдын 8-августундагы №170 сандуу катын аткаруу максатында жана Будалык айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып депутаттардын Будалык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айылдык кеңешинин регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Регламенттин текстинде жазылган Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы деп өзгөртүлүп жазылсын.
2. Будалык айылдык кеңешинин регламенти тиркемеге ылайык толукталсын.
3. Будалык айылдык кеңешинин жооптуу катчысына ( Ж. Осмонова) айылдык кеңештин регламентин киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иретке келтирүү жана бул регламентти Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына берүү жагы жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Будалык айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Будалык айылдык кенешинин төрагасы |
Б. Тобакалов |