Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-июлу № 2
(Ар түрдүү маселелер)
I. а). Отуз-Адыр-айылдык округунун аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына тиркемеге ылайык коомчулуктун өкүлдөрү көрсөтүлсүн (тиркеме тиркелет).
б). Бул токтом Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
II. а). Айылдык округдук Кеңештин токтомдорун элге жеткирүүгө, орусчага которууга жана обл. юстиция башкармалыгынан өткөрүүгө 15,0 миң сом акча каражаты Отуз-Адыр айыл өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилсин.
б). Отуз-Адыр айылдык округдук Кеңешинин офисин жасалгалоого жана башка муктаждыктарга 10,0 миң сом акча каражаты Отуз-Адыр айыл өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилсин.
III. а). Отуз-Адыр айылдык округунун дыйкандарын, дыйкан чарбаларын өз убагында жана керектүү өлчөмдө сугат суу менен камсыз кылуу КараСуу РУВХасынан талап кылынсын.
б). Отуз-Адыр айылдык округунун- дыйкандарынын, дьйкан чарбаларынын Кара-Суу РУВХасы тарабынан, сугат суу менен камсыз кылынуусун көзөмөлгө алуу райакимчиликтен жана райкеңештен суралсын.
IV. Райондук архитектура бөлүмүнүн чек алып үй салуучуларга көрсөтүп жаткан кызматынын баасы боюнча райкеңешке сунуш кат жөнөтүлсүн.
V. Ветеринардык сервизди муздаткыч менен камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө сунушталсын.
VI. Ж. Абсатаров тарабынан агып жаткан таза сууну үнөмдүү пайдалануу боюнча иш-аракеттер көрүлсүн.
VII. а). Коргошун цехинин иштөөсүн токтотуу жөнүндөгү элдин арызын карап чыгып жеринде териштирүү боюнча атайын комиссия түзүлсүн.
б). Ал комиссиянын курамына; депутаттар О. Айдаров, А.Зикиров, С. Атамбиев, Э. Ташматов жана айыл башчы Мустапакуловдор киргизилсин.
в). Отуз-Адыр айылылынын элинин арызы эске алынып коргошун цехинин иштөөсү токтотулсун.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы |
Э. Айдаров
|