Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-сентябры №3
(Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджети жөнүндө)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. 1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн эсеп-счетунда 01.01.2011-жылга карата 499,6 миң сом акча каражаты бар. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү 2011-жылдын Ш кварталына карата 499,6 миң сомго кошумча каржылансын. Жогорудагы каржылоо долбоорунун 1-пунктундагы 10,0 миң сом акча каражаты 6-пунктка которулсун.
2. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2011-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылышы боюнча М.Камчыбековдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
11.1. Отуз-Адыр айылдык округунун фермердик чарбаларынын, ветеринардык кызматынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча Т. Базарбаевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Фермердик чарбаларга өз уставдарына ылайык иш алып баруу милдеттендирилсин.
3. Аренда акысын төлөбөгөн фермерлерден жерди кайтарып алуу Т. Базарбаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун 2, 3-пункттарынын аткарылышы кийинки сессияда каралсын.
III. Укук коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, маданият, жаштар саясаты, туризм маселелери боюнча А.Зикировдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
IV. 1. Отуз-Адыр айылдык округдук кеңешинин регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Регламенттин текстинде жазылган Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамы деп өзгөртүлүп жазылсын.
2. Отуз-Адыр айылдык округдук кеңешинин регламенти тиркемеге ылайык толукталсын.
3. Отуз-Адыр айылдык округдук кеңешинин жооптуу катчысына (А.Зикиров) айылдык кеңештин регламентин киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иретке келтирүү жана бул регламент Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облустук Юстиция башкармалыгына берүү жагы жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарьшышын көзөмөлгө алуу жагы Отуз-Адыр айылдык округдук кеңешинин тийиштүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
V. Кыш-Абад, Савай-Арык, Жаңы Кызыл-Суу айылдарынын жаштарынын спорт маселесиндеги проблемалары айылдык Кеңеш тарабынан 2012-жылы каралсын.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы
|
Айдаров О.
|