Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 07-июну №23/3
Көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча үч айлыктын жыйынтыгы, «Үлгүлүү үй», «Үлгүлүү көчө», «Үлгүлүү жамааттарды» аныктоо боюнча
Корул айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXIII кезексиз заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча үч айлыктын жыйынтыгы, «Үлгүлүү үй», деп 1-Май айылынан Айдаров Баатырбек менен Кадыров Сапарбектин үйлөрү, Тогуз-Булак айылынан Жээнбаев Сатыбай менен Өмүрзаков Мирбектин үйлөрү, Кен-Жылга айылынан Жээнбаев Бакыт менен Жаныбаев Турумбектин үйлөрү, ал эми «Үлгүлүү көчө» деп 1-Май айылынан Нооруз көчөсү, Тогуз-Булак айылынан Таш-Кыя айылы, Кен-Жылга айылынан Ак-Талаа айылы, «Улгүлүү жамаат» деп 1-Май айылынан «Үлгүлүү ишкана» Ж.Орозов атындагы орто мектеби, Тогуз-Булак айылынан Эрназарова Токтогүл жетектеген «Үмүт» жамааты, Кен-Жылга айылынан Маматумаров Жумаалы жетектеген «Турганбай-Ата» жамааты аныкталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына М.Арзиевге, У.Абдразаковго, К.Кожоевге тапшырылсын.
Корул айылдык кенешинин төрагасы |
Т.Маназаров |