ТоктомКүчүндө

Корул айылдык кенешинин 2011-жылынын10-августундагы №24/1 «Корул айылдык округунун Кеңешинин аймагындагы № 138 Кең-Жылга, № 139 Тогуз-Булак,№ 140 1-Май участкалык шайлоо комиссияларынын талапкерлерин сунуштоо жөнүндө» токтому

Редакция10.08.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык округунун Кеңешинин IV чакырылышынын XXIV кезексиз заседаниесинин

 

2011-жылдын 10-августу №24/1

Корул айылдык округунун Кеңешинин аймагындагы № 138 Кең-Жылга, № 139 Тогуз-Булак,№ 140 1-Май участкалык шайлоо комиссияларынын талапкерлерин сунуштоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиисиялары жөнүндө» № 62 30.01.2011-жылдагы мыйзамдын 19-беренесинин 1-пунктуна ылайык шайлоо комиисияларын түзүү шарттары жана тартиби боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын курамына сунушталган талапкерлердин тиешелүү документтерин карап, талкуулап, Корул айылдык округунун Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Корул айылдык округунун Кеңешинин аймагындагы № 138 Кең-Жылга, № 139 Тогуз-Булак, № 140 1-Май шайлоо участкаларынын комиссиясынын курамына талапкерлер сунушталсын (тизме тиркелет)

2.Жогорудагы сунушталган талапкерлерди бекитип берүү жагы Алай райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Корул айылдык округунун

Кеңешинин төрагасы

 

Т. Маназаров