Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-сентябры №25/1
Корул айылдык Кеңешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» № 101 мыйзамына ылайык жана депутаттардын Алай райондук Кеңешинин 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 170 сандуу катын аткаруу максатында жана Корул айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып депутаттардын Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Корул айылдык Кеңешинин регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
-Регламенттин текстинде жазылган КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация » жөнүндө Мыйзамы «жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзам деп өзгөртүлүп жазылсын.
2.Корул айылдык Кеңешинин регламенти тиркемеге ылайык толукталсын.
3.Корул айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына С.Жээмуратова) айылдык Кеңештин регламентин киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иретке келтирүү жана бул регламентти Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына берүү жагы Корул айылдык Кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |