АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-сентябры №14/3
Алай райондук кеңешинин кызматттык автомашинасын техникалык жактан жараксыздыгына байланыштуу аукционго коюп сатуу жөнүндө
Алай райондук кеңешинин бюджет, социалдык экономикалык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алай райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай райондук кеңешинин 1994-жылы чыгарылган, кыймылдаткыч № 75139, кузов № 0161178(0161720) "ГАЗ 31029" маркасындагы мамлекеттик номери 00-24 OA райондук кеңештин кызматттык автомашинасын техникалык жактан жараксыздыгына байланыштуу, узак мезгилден бери иштебей тургандыктан, аны ондоп иштетүүгө жана күйүүчү майга көп акча каражаты талап кылынгандыктан белгиленген тартипте аукционго коюп сатуу белгиленсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинанын өздүк наркын жана старттык баасын аныктап, тиешелүү документтерди тактап, белгиленген тартипте аукционго коюп сатуу боюнча комиссиянын курамы түзүлсүн.
3. Аукционго коюп сатуудан түшкөн акча каражаты райондук кеңештин бухгалтериясына кириштелсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук кеңештин бухгалтериясына жана райондук кеңештин бюджет, социалдык экономикалык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алай райондук кеңештин төрагасы |
Т.Н. Сарыбашов |