Загрузка документа…
| 2011-жылдын 14-сентябрында Алай райондук кеңешинин II чакырылышынын XIV заседаниесинде №14/1 токтому менен бекитилди |
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
1-БӨЛҮК ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1 – глава Кыргыз Республикасынын Алай райондук кеңеши
2 – глава Алай райондук кеңештин компетенциясы
3 – глава Алай райондук кеңештин төрагасы жана райондук кеңешинин төрагасынын орун басары
4 – глава Алай райондук кеңешинин жооптуу катчысы
5 – глава Алай райондук кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
6 – глава Алай райондук кеңешинин биринчи сессиясы
7 – глава Алай райондук кеңешинин сессиясьшын күн тартиби жана ишти пландаштыруусу
8 – глава Алай райондук кеңешинин сессиясында маселелерди даярдоо жана кароо тартиби
9 – глава Алай райондук кеңешинин токтомдорунун долбоорлорун кароо тартиби
10 – глава Алай райондук кеңешинин сессиясьшын жумушчу органдары жана райондук кеңешинин ишмердигин камсыздоо
11 – глава Алай райондук кеңешинин депутатынын сессия учурундагы укугу жана милдети
12 – глава Коомдук угуулар
IV-БӨЛҮК Алай райондук кеңешинин төрагасын жана тераганын орун басарын шайлоонун жол-жобосу жана тартиби
13 – глава Алай райондук кеңешинин төрагасына жана анын орун басарына талапкерлерди көрсөтүү тартиби
14 – глава Жашыруун добуш берүүнү уюштуруунун тартиби
V БӨЛYK Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысын - акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлик боюнча сунуш киргизүүнүн тартиби
15 – глава Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин кызматына дайындалуучу талапкерлер тууралуу райондук кеңештин депутаттарынын чечимин кабыл, алууларынын тартиби
1- БӨЛҮК ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.1. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык депутаттардын райондук кеңеши райондун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Райондук кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтү төрт жыл.
1.2. Райондук кеңеш өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана өкмөтүнүн ченемдик-укуктук актыларына жана ушул Регламентин негизинде жүргүзөт.
1.3. Райондук кеңештин Регламенти райондук кеңештердин ишин уюштуруу тартибин, алардын укуктук жана уюштуруучу негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын структураларын, сессияларды өткөрүүнүн тартибин жана мөөнөтүн аныктайт.
1.4. Райондук кеңеши юридикалык тарап болуп саналат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын герби көрсөтүлгөн өзүнүн мөөрү жана расчеттук счету болот.
1.5. Райондук кеңештин дареги: Алай району, Гулче айылы, Ленин көчөсү, 68
1.6. Райондук кеңештин сессиясы кварталында кеминде бир жолу жана жалпы депутаттардын 3/1 талабы боюнча өткөрүлөт.
1.7. Райондун аймагында жайгашкан бардык мекеме-уюмдар, менчик формасына карабастан райондук кеңештин токтомдорун аткарууга милдетүү.
1.8. Райондук кеңештин токтомдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынып салынышы же жокко чыгарылышы мүмкүн.
1.9. Регламентти өзгөртүү, кошумчалоо жана тактоо райондук кеңештин туруктуу комиссияларынын же депутаттарынын демилгеси менен райондук кеңештин сессиясында кабыл алынат.
2.1. Райондук кеңеш "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык темендогу маселелер боюнча токтомдорду карайт жана кабыл алат:
1) районду социалдык - экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясын, болжолун, пландарын жана программасын, райондо айлана-чейрену калыбына келтируунун жана коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына көзөмөлдү ишке ашыруу;
2) райондук бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту, ошондой эле атайын фонддорду пайдаланууну бекитүүнүн тартиби;
3) талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануунун маселелери;
4) тиешелүү аймакта иштердин абалы жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын маалыматын жылына бирден кем эмес угуу;
5) райондук мамлекеттик администрациянын башчысын - акимин кызмат ордуна дайындоо үчүн Мыйзамда белгиленген тартипте талапкерлик боюнча сунуш киргизүү;
6) райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына ишеним көрсөтпөө;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
9) кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат ордунан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
10) райондук кеңештин регламентин кабыл алуу;
11) райондук кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
12) Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде райондук кеңештин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;
13) мыйзамга ылайык долбоордук иштерди, курулушту, жолдорду, көпүрөлөрдү турак жай фондун, ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чөйрө жаатындагы жана райондук маанидеги оюн-зоок объектилерин куруу, күтүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;
14) райондук маанидеги социалдык-маданий мекемелерди ачуу, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө маселелерди макулдашуу;
райондук маанидеги илимий, окуу-тарбия, маданий-тарбия, жаштардын спорттук иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
16) мыйзамга ылайык жергиликтуу ез алдынча башкаруунун башка органдары менен куч-аракетти бириктирүү, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чек аралык кызматташуу маселелери, ошондой эле жалпы кызыкчылыкты көздөгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу же жумуштарды аткаруу максатында ата мекендик жана чет өлкөлүк чарбакер субъекттер жана коомдук бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо, коомдук пайдалуу жумуштарды жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чечимдерди кабыл алуу;
17) райондун символикасын бекитүү;
18) Судьялардан, прокурорлордон, улуттук коопсуздуктун мамлекеттик органынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын, ошондой эле ведомстволук аймакта жайгашкан башка мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринен башка мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине контролду ишке ашыруу, алар милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда жогоруда көрсөтүлгөн органдардын жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү боюнча маселелерди коюу;
19) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселелер
Райондук кеңештин төрагасы:
3.1. Райондук кеңештин сессиясын чакырат, төрагалык кылат, токтомдорго, протоколдорго жана райондук кеңештин башка документтерине кол коет, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
3.2. Жарандардын арыздарын, даттанууларын жана кайрылууларын карайт.
3.3. Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу сунуштары менен жогорку органдарга кайрылат.
3.4. Кеңештин регламентинин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
3.5. Райондук кеңештин төрагасынын орун басарына талапкерлигин шайлоо тууралуу сунушту киргизет.
3.6. "Муниципалдык кызмат тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзүнүн буйругу менен жоопту катчыны жана райондук кеңештин аппаратынын жооптуу кызматкерлерин (башкы, жетектөөчү адистер) кызматка алат жана кызматтан бошотот.
3.7. Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде кеңештин компетенциясына кирген дагы башка маселелерди чечет.
3.7. Райондук кеңештин жаңы чакырылышындагы биринчи жаңы сессиясына чейин өзүнүн кызматын аткарат.
3.9. Райондук кеңештин төрагасынын орун басары
3.10. Райондук кеңештин төрагасынын орун басары райондук кеңештин төрагасынын милдетинин, ал жок болгон учурда же төрага өзүнүн милдетин аткара албай калган учурда аткарат.
4.1. Райондук кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталыштарда жүргүзөт.
4.1 Депутаттарды алар өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда тийиштүү маалымат менен камсыздайт.
4.3. Райондук кеңештин келечектүү планын аткарууну камсыздайт.
4.4. Райондук кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын иш-аракетин координациялайт.
4.4. Райондук Кецештин ченемдик укуктук актыларынын жазылышына жана аткарылышына жооптуу.
4.5. Райондук Кецешке тушуучу документтердин эсебин жана алардын аткарылышын кеземелге алат.
4.6. Райондук Кецештин сессиясьшын материалдарын даярдайт жана алардын райондук кецештин депутаттарына чейин жеткируусуно кеземел кылат.
4.7. Депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын жетекчилерин, жергиликтуу ез алдынча башкаруу органдарынын коомдук екулдерун жана башка адамдарды сессиянын ишине катышууга чакырууну уюштурат.
4.8. Райондук Кецештин сессиясына депутаттардын катышуусунун эсебин алууну жургузет.
5.1. Кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишин "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзөт.
52. Туруктуу комиссиядан райондук кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала карап чыгуу, даярдоо, отурумдарда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын уюштуруу жана көзөмөлдөө үчүн түзүлөт. Туруктуу комиссиялар зарылчылыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес отурумду өткөрөт.
5.3. Туруктуу комиссиялар райондук кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүндө райондук кеңеш тарабынан түзүлөт. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби райондук кеңеш тарабынан аныкталат. Райондук кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.
5.4. Райондук кеңеш атайын тапшырмаларды аткаруу максатында убактылуу комиссияларды түзө алат.
5.5. Убактылуу комиссиялар көрсөтүлгөн мөөнөттө тапшырмаларды аткарышы боюнча жыйынтыктары жөнүндө райондук кеңешке отчет берет.
5.6. Тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялар өз ишмердүүлүгүн токтотот.
III – БӨЛҮК Райондук кеңештин жалпы иш тартиби 6 - глава Райондук кеңештин биринчи сессиясы
6.1. Кайрадан шайланган райондук кеңештин биринчи сессиясы райондук кеңешке шайлоо өткөрүлгөндөн кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен мурдагы чакырылыштагы райондук кеңештин төрагасы же депутаттардын ичинен чыккан демилгечи топ тарабынан чакырылат. Райондук кеңештин биринчи сессиясын кайрадан шайланган райондук кеңештин жаш курагы боюнча аксакал депутат ачат.
6.2. Райондук кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынан үчтөн экиси катышканда ишти алып барууга укуктуу.
6.3. Райондук кеңештин биринчи сессиясьшын күн тартибине райондук кеңештин Регламентин кабыл алуу, төрагасын, анын орун басарын шайлоо маселелери, райондук кеңештин структурасын түзүү жана райондук кеңештин ишине байланышкан башка маанилүү маселелер коюлат.
6.4. Райондук кеңештин төрагалыгына талапкер көрсөтүү тартиби жана шайлоого байланыштуу башка процедуралык маселелерди кароо ушул Регламентке ылайык каралат.
7.1. Сессиянын күн тартиби жана иш тартиби сессиянын төрагасы тарабынан сунушталат, депутаттар талкуулайт жана бекитет. Ошол күнгө райондук кеңештин сессиясынын күн тартиби сессиянын күн тартибинин кезектеги маселесин жана аларды карап чыгуунун тартибин камтууга тийиш.
7.2. Сессиянын күн тартибине депутат тарабынан киргизген өзгөртүүлөр же толуктоолор тууралуу сунуш депутаттар тарабынан талкууланат жана бекитилет. Райондук кеңештин аппараты менен биргеликте, райондук кеңештин төрагасы даярдаган райондук кеңештин кезектеги сессиясьшын күн тартибинин долбоору депутаттарга таркатылып берилет.
7.3. Райондук кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Райондук кеңештин иш планынын долбоорун даярдоону райондук кеңештин аппараты жүргүзөт.
7.4. Райондук кеңештин депутаттары райондук кеңештин туруктуу комиссиялары, райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - акими райондук кеңештин иш планына маселелерди киргизүү укугуна ээ.
Райондук кеңештин бекитилген иш планына маселелерди аныктоо, өзгөртүү, жаңы маселелерди киргизүү, маселелерди алып салуу райондук кеңештин сессиясьшын токтому менен таризделет.
8.1. Ушул регламентте белгиленген тартипте райондук кеңештин кароосуна коюла турган иш-кагаздардын пакети төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- докладчыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу адам тарабынан кол коюлган коштомо кат. Эгерде иш-кагаз райондук кеңеш тарабынан мурда кабыл алынган токтомду аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо катка тийиштүү шилтеме жасалат;
- райондук кеңештин токтомунун долбоору.
Эгерде райондук кеңештин токтомунун долбоору материалдык же финансылык ресурстардын түшүүсүн же чыгымын караган сунуштар камтыса, анда иштеп чыгуучулар тарабынан каржылоо булактары көрсөтүлүү менен тийиштүү эсеп-кысаптар берилет.
8.2. Токтом долбоору каралганда райондук кеңештин депутаттарынын. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлдөрүнүн, талкуулоого катышуу үчүн чакырылган адамдардын сунуштары жана сын-пикирлери угулат.
Райондук бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгашаларды караган токтом долбоорун карап чыккан учурда милдеттуу тартипте райондук мамлекеттик администрация башчысы - акиминин корутундусу угулат.
8.3. Райондук кеңештин токтомунун долбоорун талкуулоонун натыйжасы боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бири кабыл алынат:
а) толугу менен токтом кабыл алынсын;
б) жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлсүн;
в) күн тартибинен алынып салынсын.
8.4. Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, атап айтканда:
1) Мөөнөтү айкындалат жана колдонууга киргизүү ыкмасы жана пункттарын аткаруу, же жалпысынан токтомду аткаруунун жолдору аныкталат;
2) Мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына ачык-айкын тапшырмалар берилет, ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү үчүн, аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтирүүнүн мөөнөтү аныкталат.
8.5. Райондук кеңештин ар бир токтомунда анын аткарылышын көзөмөлдөөчү адам көрсөтлөт.
Документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулук деңгээлин, аларды аткарууга кыйынчылык келтирген себептерди табуу, аткарууга тоскоолдук кылган адамдарды (органдарды) аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле зарыл болгон учурда сот тартибинде документтин жоболорун аткарууну камсыз кылуу, көзөмөлдөө максаты болуп саналат.
Токтомдун тапшырма коюлган пунктунда аткаруучу (бир же бир нече) же райондук кеңештин структуралык түзүмү, ошондой эле эреже катары аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
8.6. Көзөмөл жасоо боюнча отчеттуулук мөөнөтү же токтомдун өзүндө же райондук кеңештин төрагасы тарабынан белгиленет.
8.7. Райондук кеңештин аппараты депутаттарга жана жергиликтүү коомчулукка сессиянын өтө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессиянын өтө турган жери жөнүндө аны өткөрүүгө 5 күн калгандан кечиктирбестен маалымдайт. Токтомдун долбоорун райондук кеңештин депутаттарына жеткирүү сессияга чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
Райондук кеңештин сессиясын сессияда төрагалык кьшуучу алып барат. Сессияда төрагалык кылуучу кызматы боюнча райондук кеңештин терагасы болуп саналат. Ал катышпаган учурда, сессияда төраганын орун басары же төрага, төраганын орун басары же болбосо райондук кеңештин протоколдук чечими менен тапшырылган башка депутат (өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө билдирбеген) терагалык кылат.
8.8. Райондук кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу кеңештин төрагасынын демилгеси, ар кандай туруктуу комиссиялардын же болбосо депутаттардын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлөт.
8.9. Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө депутаттардын сунушу каралуучу маселелер көрсөтүлүп жана кезексиз сессияны өткөрүүнүн зарылчылыгы негизделүү менен кеңештин төрагасына берилет.
8.10. Сессияга материалдарды даярдоо райондук кеңештин иш планына ылайык жооптуу адамдар тарабынан жүргүзүлөт. Пландан тышкаркы маселелер алардын демилгечилери тарабынан даярдалат.
8.11. Кезектеги сессияга киргизилген маселелер боюнча материалдар (токтомдун долбоору, маалыматтар, маалымат-кат, кайрылуулар ж. б.) сессия өткөргөн күнгө чейин 7 күндөн кечиктирилбестен райондук кеңештин жооптуу катчысына жазуу түрүндө берилүүгө тийиш.
8.12. Райондук кеңеш жылына кеминде бир жолу тийиштүү аймактагы иштин абалы жөнүндө райондук мамлекеттик администрация башчысынын маалыматын угат.
Райондук мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин маалыматынын тексти райондук кеңештин отурумунда аны карап чыгууга 10 күн калгандан кечиктирбестен райондук кеңешке киргизилет.
8.13. Райондук мамлекеттик администрация башчысына езунун милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ишеним билдирбөө жөнүндө чечим райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын 3/2 добуш берүүсү менен кабыл алынат.
8.14. Райондук мамлекеттик администрация башчысы тарабынан киргизилген райондук бюджет жана аны аткаруу жөнүндө отчет, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программалары райондук кеңеш тарабынан карап чыгууга жатат жана райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын тең жарымынан ашыгы ага добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
8.15. Алдыдагы финансылык жылга райондук бюджетти кабыл алуу процесси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте башталат.
9.1. Райондук кеңештин токтомдору депутаттар тарабынан талкуулангандан кийин сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добуш берүүсү менен кабыл алынат.
9.2. Туруктуу комиссиялардын курамын өзгөртүү тууралуу, ошондой эле мурда кабыл алынган токтомдорду өзгөртүүлөр тууралуу, токтом көпчүлүк добуш берүү менен кабыл алынат.
9.3. Райондук кеңештин сессиясынын күн тартибинде каралуучу маселелер боюнча токтом кабыл алынат жана ага райондук кеңештин төрагасы кол коет.
9.4. Депутаттын билдирүүсү жана/же анын жазуу же ооз эки түрүндө билдирилген макулдугу токтом менен кошо сессиянын протоколунда чагылдырылат.
9.5. Токтом долбоору ар бир пункту боюнча талкууланат жана жалпы кабыл алынат.
10.1. Райондук кеңештин сессиясы уюштуруу иштерин тутумдаштыруу максатында жумушчу органды – секретариаты, зарылчылык болгондо, эсептөө жана башка комиссияларды түзөт.
Жумушчу орган - сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добуш берүүсү менен бекитилет.
102. Сессиянын секретариаты райондук кеңештин аппараты менен биргеликте сессиянын жүрүшүнүн стенограммасын алып барат, чыгып сүйлөгөндөрдү тактайт, регламенттин сакталышын көзөмөлдөйт, депутаттарга түшүндүрмө берет.
10.3. Секретариат райондук кецештин аппараты менен биргеликте сессиянын протоколун тариздейт.
Райондук кеңештин отурумунун протоколунда: отурумду өткөрүү күнү, убактысы жана орду; отурумга катышкан депутаттардын саны; сессиянын күн тартибине коюлган маселелер; ошол отурум үчүн депутаттардын арасына таратылган документтердин аталышы жана редакциясы; сессияда терагалык кылуучунун жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн аты-жөнү; добушка коюлган бардык маселелер менен сунуштар, добуш берүүнүн натыйжасы жана кабыл алынган чечимдер чагылдырылып көрсөтүлөт.
Протоколго сессиянын отурумунда терагалык кылуучу кол коет.
Райондук кеңештин сессиясынын протоколдорунан, токтомдорунан көчүрмөлөрдү алуу жана алардан жазып алууларды тариздөө, райондук кеңештин жооптуу катчысынын уруксаты менен, райондук кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт. Көчүрмөсүн алуу жөнүндө маалымат өзүнчө журналда катталат.
10.4. Райондук кеңештин депутаты өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы менен таанышууга жана аны жарыялаганга чейин стенограмманын көчүрмөсүн алууга укуктуу.
11.1. Райондук кеңештин депутаты сессиянын жумушчу органына шайланат же шайланышы мүмкүн, ошондой эле ошол органга өз талапкерин көрсөтүшү мүмкүн.
Депутаттардын көрсөтүлгөн укуктарын ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана башка Мыйзам актыларынын, ошондой эле типтүү райондук кеңештин Регламентине ылайык ишке ашат.
12.1. Райондук кеңештин терагасы жана анын орун басары, райондук кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары өзүнүн алып баруусундагы маселелер боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү демилгелеши мүмкүн.
Коомдук угулар Кыргыз Республикасынын шартына ылайыкташтырылган жана эл аралык практикаларынын негизинде иштелип чыгылган жобонун негизинде өткөрүлүшү мүмкүн.
13.1. Райондук кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү жолу менен райондук кеңештин депутаттарынын арасынан шайланат. Райондук кеңештин төрагалык кызматына талапкер райондук кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен депутаттардын өздөрү тарабынан көрсөтүлөт. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
132. Көрсөтүлгөн талапкер өз талапкерлигин алып коюуга укуктуу.
13.3. Көрсөтүлгөн талапкер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет.
13.4. Райондук кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына талапкерди райондук кеңештин төрагасы көрсөтөт. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
Төраганын орун басары ачык добуш менен шайланат.
14.1. Райондук кеңештин биринчи сессиясында жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү үчүн 3-5 депутат санында эсептөө комиссиясы түзүлөт.
14.2. Эсептөө комиссиясы өзүнүн отурумунда милдеттерди бөлүштүрөт (төраганы, катчыны жана мүчөлөрдү бекитет). Жабык добуш берүү үчүн бюллетендерди, урнаны жана кабинаны даярдайт.
14.3. Добуш берүүнү камсыз кылуу үчүн эсептее комиссиясы сессияда катышкан депутаттардын тизмесин тактайт. Эсептее комиссиясы жашыруун добуш беруунун материалдарынын сакталышын камсыз кылат жана райондук Кенештин аппаратына еткеруп берет.
14.4. Райондук кеңештин терагалыгынын кызматына талапкерлер алфавиттик тартипте бюллетенге киргизилет. Добуш берүүнүн натыйжасы добуш берүүчүнүн бюллетендерди эсептеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча чыгарылат.
14.5. Бюллетенге талапкердин паспорттук маалыматтарынын же инсандын башка күбөлүктөрүнүн негизинде аты-жөнү жазылат. Бюллетенге кандайдыр бир башка маалыматты киргизүүгө жол бербейт.
14.6. Ар бир талапкер боюнча "Макул", "Каршы", "Жараксыз бюллетень" бюллетендерди эсептее комиссиясы жыйынтыктайт, протокол менен бекемдейт жана бекитүү үчүн сессиянын кароосуна алып чыгат.
14.7. Добуштардын алда канча коп санын алган райондук кеңештин төрагалыгынын кызматына талапкер төрт жылдык мөөнөткө райондук кеңештин төрагалыгына шайланды деп эсептелет.
14.8. Төраганын орун басары кызматына талапкерлер ачык добуш берүүгө коюлат. Добуш берүүлөрдү өткөрүү жана натыйжасын эсептеп чыгарууну эсептее комиссиясы жүргүзөт.
14.9. Сессияда катышкан депутаттардын алда канча көп добуштарынын санын алган талапкер райондук кеңештин төрагасынын орун басарлык кызматына шайланат.
15.1. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким (мындан ары - аким) кызматына талапкер (үчтөн кем эмес) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары - Премьер-министр) тарабынан райондук кеңешке киргизет.
15.2. Райондук кеңеш Премьер-министр талапкерди киргизген күндөн тартып 15 жумушчу күндөн ичинде жашыруун добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат жана райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча сунушту Премьер-министрге киргизет.
15.3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин райондук кеңеш талапкерди аныктай албаса же акимдин кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча тиешелүү сунуш киргизбесе, Премьер-министр башка талапкерлерди (үчтен кем эмес) берет.
15.4. Бир эле талапкер Премьер-министр тарабынан тиешелүү райондук кеңешке катары менен эки жолу киргизилиши мүмкүн эмес.
15.5. Райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча добуш берүү эгерде райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес катышкан учурда бөлүп өттү деп эсептелет.
15.6. Акимдин кызматына талапкерлер Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан райондук кеңешке көрсөтүлөт.
15.7. Акимдин кызматына ар бир талапкер боюнча райондук кеңешке төмөндөгүдөй маалыматтар тапшырылат:
- биографиялык маалымат (фамилиясы, аты, жөнү, терелген жери, жылы, айы, улуту, орто билим алган жери, үй-бүлөлүк абалы, туруктуу жашаган жери, партияга тиешеси);
- паспорттун көчүрмөсү, сүрөт;
- билими тууралуу маалымат, билими тууралуу документтин көчүрмөсү, илимий даражасы жана илимий наамы;
- эмгектик ишмердиги тууралуу маалымат, эмгек китепчесинин көчүрмөсү, мамлекеттик же ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган документтин көчүрмөсү.
15.8. Акимдин кызматына ар бир талапкер боюнча кыскача анкета маалыматы, проффессионалдык жана иштиктүү сапаттары боюнча мүнөздөмө, талапкерди көрсөткөн жагдайлар менен Премьер-министрдин колу коюлган расмий каты менен жол-жоболоштурулат.
15.9. Премьер-министр тарабынан сунушталган акимдик кызматка дайындалуучу талапкерлерди райондук кеңешинин карап чыгуусун уюштуруу үчүн райондук кеңеши тарабынан курамы 3-5 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
15.10. Эсептее комиссиясы тарабынан добуш берүү бюллетендерин иштеп чыгып, анын сактоосун камсыз кылат, отурумунун протоколдорун алып баруусун уюштурат, ушул тартипте көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктарга ээ.
Эсептее комиссиясын материалдык-техникалык жактан камсыздоо райондук мамлекеттик администрациясына жүктөлөт.
15.11. Бюллетенге Премьер-министр тарабынан киргизилген райондук акиминин кызматына коюлуучу талапкерлер гана киргизилет.
15.12 Райондук акимдин кызматына коюлган талапкерлерге добуш берүү райондук кеңеш тарабынан аныкталган, атайын бөлүнгөн бөлмөдө ишке ашырылат.
15.13. Депутаттардын катышуусуна, добуш берүүнүн уюштурулуусуна, бөлмөнүн жабдылуусуна жана тийиштүү тартиптин сакталуусуна райондук кеңештин төрагасы жооптуу.
15.14. Добуш берүү процедурасын камсыздоо жоопкерчилиги эсептөө комиссиясына берилет.
Эсептее комиссиясы:
- добуш беруунун алдында райондук кеңештин депутаттарын каттоодон өткөрөт;
- жашыруун добуш берүү үчүн райондук кеңештин депутаттарына кол коюунун негизинде бюллетендерди берет;
- райондук кеңештин депутаттарынын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер менен кабиналарга өтүүсүн көзөмөлдөйт жана добуш берүүнүн жашыруун болуусун камсыздайт.
15.15. Добуш берүүдөн мурда бюллетендер урнасы райондук кеңештин депутаттарынын жана Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдында эсептөө комиссиясы тарабынан текшерилет, пломбаланат жана ага мөөр басылат.
15.16. Ар бир депутат жеке добуш берет, башкалардын ордуна добуш берүүгө жол берилбейт.
15.17. Бюллетень добуш берип жаткан депутат тарабынан кабинада же жашыруун добуш берүү үчүн бөлүнгөн бөлмөдө толтурулат. Депутат добуш берүү бюллетенин толтуруп жаткан учурда анын жанына башка адамдардын келүүсүнө тыюу салынат.
15.18. Депутат жашыруун добуш берүү бюллетенинде өзү добуш берип жаткан бир гана талапкердин фамилиясынын тушуна "Макул" деп белги кое алат, же болбосо "Бардык талапкерге каршы" деген сапка белги коет.
15.19. Формасы аныкталбаган бюллетендер жана ошондой эле '"Макул" деген белги эки же андан ашык талапкерге коюлган бюллетендер жараксыз деп эсептелет.
15.20. Райондук аким кызматынын талапкерине райондук кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берген болсо, анын талапкерлиги жарамдуу деп эсептелет.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эсептөө комиссиясынын эки нускадагы протоколу түзүлөт жана аларга эсептее комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн колу коюлат.
Райондук кеңештин чечими камтыган протоколдун биринчи нускасы Премьер-министрге жиберилет, экинчи нускасы райондук кеңештин жооптуу катчысында сакталат, үчүнчү нускасы бирдиктүү маалымат базасына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттикке жиберилет.
15.21. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары эсептее комиссиясынын протоколунун негизинде райондук кеңештин сессиясынын чечими менен бекитилет.
Кеңештин сессиясы өзүнүн чечими менен эсептөө комиссиясынын протоколун бекитет.
15.22. Талапкерликке макулдук берүү тууралуу райондук кеңештин сессиясынын чечими райондук мамлекеттик администрациясынын башчысын - акимди дайындоо сунушу менен Премьер-министрге жиберилет.
15.23. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эч бир дагы талапкер райондук кеңешинин депутаттарынын жалпы санынан көп добушка ээ боло албаса. добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Экинчи тур биринчи тур өткөрүлгөн күнү өткөрүлөт.
15.24. Биринчи турда эң көп добушка ээ болгон эки талапкер добуш берүүнүн экинчи турундагы бюллетенге киргизилишет. Добуш берүүнүн ирээти жыйынтыктарды чыгаруу ушул Тартипте белгиленген тартипте өткөрүлөт.
15.25. Эгерде добуш берүүнүн экинчи түрүнүн жыйынтыктары боюнча эч бир талапкер райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көп добушка ээ боло албаса, Премьер-министр тарабынан киргизилген райондук акимдин кызматынын талапкерликтери четке чыгарылат, бул тууралуу райондук кеңештин төрагасы 24 саат ичинде жазуу түрүндө Премьер-министрге кабар берет.
Мындай учурда Премьер-министр бул Тартипте негизделген ирээтте башка талапкерлерди сунуштайт.
Алай райондук кеңешинин жооптуу катчысы |
А. Тажаматов |