Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын18-апрели № 11/1
Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл Өкмөтүнүн 2010-жылдын айылдык бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылга карата бюджеттин аткарылышы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен 14115,3 мин сомду түздү. Киреше бөлүгү 15210,6 миң сом,ал эми чыгаша бөлүгү 14115,3 миң сом деп бекитилсин.
2. Ак-Таш айыл Өкмөтүнүн 2011-жыл үчүн бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 11890,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ак-Таш айыл Өкмөтүнөн төгүлгөн бардык салыктар жана кайра бөлүштүрүү фондунан түшкөн ижара акы Кара-Суу райондук казына бөлүмү аркылуу чыгаша кылынсын.
4. Айыл Өкмөттүн кассасына 5000 сомго чейин акча сакталып турууга уруксат берилсин.
5. Ак-Таш айыл Өкмөтүнүн 2011-жыл үчүн бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу айыл Өкмөтүнө берилсин.
6. Ак-Таш айыл Өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын жалпы штат бирдиги 24,5 анын ичинен айыл башчы – 2 штат бирдиги,тейлөөчү кызматкерлер – 3,5 штат бирдиги бекитилсин.
7. Ак-Таш айыл Өкмөтүнүн бюджетинде 2010-жылдан 2011-жылга өткөн калдык акча – 1095,3 (Бир миллион токсон беш миң үч жүз) сом акча каражаты айыл Өкмттүн № 1 тиркемесине ылайык иштетилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын Ак-Таш айылдык Кеңешинин депутаттары тарабынан түзүлгөн бюджеттик туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы |
Х.Таиров.
|