Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-апрели № 11/1
Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга карата бюджети жөнүндө
Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2010-жылдагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жана айыл өкмөтүнүн 2011- жылга Республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзамынын негизинде, айылдык Кеңештин «план жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясында талкуланып өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин, депутаттардын Жаңы-Арык айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылга карата Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгышалар бөлүгү негизинде 14564,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2010-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 18832,2 миң сомго, чыгаша бөлүгү 18750,2 миң сомго же кирешенин чыгашадан 82,0 миң сомго артыкчылык менен бекитилсин.
3. Жаңы-Арык айылдык округунун бюджетинде калган калдык 82,0 сом акча каражаты кошумча сметанан негизинде жумшалсын.
4. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн аппараты иштеген кызматкерлеринин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 4-декабрь 2009-жылдагы токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 31 анын ичинен айыл башчылар 4, кенже тейлөө кызматкерлер 5 штат бирдиктери бекитилсин.
5. 2011-жылга бекитилген бюджеттин аткарууда Жаңы-Арык айыл өкмөтү жыл ичинде бюджетке өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү укугу берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаны-Арык айылдык кеңештин төрагасы
|
Э. Сулайманов |