Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 8-сентябры №13/1
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" №101 мыйзамына ылайык жана Депутаттардын Кара-Суу райондук Кеңешинин 2011-жылыдын 11-августундагы № 01/12-115 сандуу катын аткаруу максатында жана Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин (мыйзамдуулук) туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып, күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап депутаттардын Жаңы-Арык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Регламенттин текстинде жазылган Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы деп өзгөртүлүп жазылсын. Жаңы-Арык айылдык кеңешинин регламенти төмөндөгүдөй толукталсын:
2-главага:
алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо; - ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
регламент 3.1. главасы менен тиркемеге ылайык толукталсын. Жаңы-Арык айылдык кеңешинин жооптуу катчысына (К.Тажибаев) Жаңы-Арык айылдык кеңешинин регламентин киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иретке келтирүү жана бул регламентти Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына берүү жагы жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жаңы-Арык айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Сулайманов
|