Редакцияот 13.10.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 13-октябры №15

Шоро –Башат айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө

Төрт-Көл айылдык кеңеши Шоро-Башат айылынын тургундарынын элдик жыйынынын 2011-жыл 10-сентябрдагы протоколунун негизинде Улуу Ата-Мекендик согушунун ветераны жана эмгектин ардагери Машрапов Сатиге көчөнүн ысмын ыйгаруу боюнча маселени карап талкуулап

Төрт-Көл айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шоро –Башат айылындагы көчөгө Улук Ата-Мекендик согуштун ветераны жана эмгектин ардагери Машрапов Сатинин ысмы ыйгарылсын.

2. Ар бир турак үйгө номер коюу жагы жана көчөнү шефке алуу жагы Машрапов Сатинин балдарына жана неберелерине милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы сектор башчысы Саматова Р.жана туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Төрт-Көл айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Пусуров